Таластагы ишкер айымдар каржылык сабаттуулук, бизнести пландоо, лидерлик жана коммуникативдүүлүк боюнча окуудан өтүшүүдө. Экономика министрлигине таянсак, окутууга чакан ишкерлик, өндүрүш, кызмат көрсөтүү, кол өнөрчүлүк менен алектенген 25 аял тандалып алынган. Семинарлар айылдагы ишкер айымдардын лидерлик сапатын жогорулатып, бизнесин мындан ары өнүктүрүүсүнө жардамдашары айтылды.
"Долбоордун башкы максаты - ишкер айымдардын экономикалык активдүүлүгүнө түрткү берүүнүн эсебинен өлкөнүн айылдарында жашаган аялдардын жашоо деңгээлин көтөрүү жана ишкер айымдарга каржылык кызмат көрсөтүүнүн сапатын оңдоо. Адистер менен эксперттер ишкер айымдарга ыңгайлуу болгон каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы ыкмасын түшүндүрүшүүдө",- деп айтылат маалыматта.