Улуу Британиянын көз карандысыз уюму Жогорку Кеңештин иши менен таанышууда

Улуу Британиянын көз карандысыз коомдук уюму - Демократия үчүн Вестминстер фондунун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш менен таанышып, фракция жана комитет жетекчилери менен жолугушууда. Жолугушууда тараптар өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, сот системи, адам укуктарын коргоо институттарын реформалоо боюнча пикир алышууда.

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы Галина Скрипкина сот тутумунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү багытында мыйзам долбоорлорунун алгачкы топтому иштелип чыкканын айтты. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн парламенттик демократия шартында ачык коом куруу жолун тандап алганын, ал бир топ кыйынчылыктар менен коштолорун, алгачкы ийгиликтер байкала баштаганын белгиледи.

Фонд өкүлдөрү кыргыз мамлекети Борбор Азиядагы адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында ийгиликтерге жетишкен өлкө экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан