Парламент 13-январдагы жыйынында "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү демилгесин жактырып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, долбоор менен элдик мыйзам чыгаруу демилгесин парламентке жеткирүү мөөнөтү 65 күндөн 23 күнгө чейин кыскартылганы жатат. Долбоорго ылайык, экспертизага 10 күн, каттоодон өтүүгө 10 күн, каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга 3 күн убакыт каралууда.
Белгилей кетсек, азыркы мыйзамга ылайык, элдик демилгелерди экспертизадан өткөрүүгө 30 күн, каттоодон өткөрүүгө 30 күн жана Юстиция министрлигинен каттоо жөнүндө чечимди кабыл алууга 5 күн бекитилген.