Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-январда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, мыйзамдуулуктун сакталышы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишин координациялоо боюнча Башкы прокуратуранын мындан аркы пландарын укту. Индира Жолдубаева мекеменин коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери жана ишкерлердин укуктарын коргоодо көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да маалымат берди.
Өлкө жетекчиси мамлекетте мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөө зарылдыгын белгилеп, кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүгө тийиштүү Башкы прокуратурага бир катар тапшырмаларды берди.