Бүгүн, 13-январда парламент жыйынында “Баткен облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.
Мыйзам долбоору жергиликтүү элдин ыңгайлуу жашоосуна, алардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталууда. Долбоорго ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы, Дөбө, Бай-Кара-Бак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.