Бишкек-Ош трассасы автоунаа кыймылы үчүн ачык, жолдо чектөөлөр жок. Транспорт жана коммуникация министрлигинин билдиришинче, бүгүн, 13-январда аталган трассанын кооптуу аймактарында кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери башталды. Төө-Ашуу аймагындагы аткылоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Жол-курулуш техникалары нөөмөт менен иштеп жатканы, аткылоо иштери эртең Өтмөк, Ала-Бел ашууларынын аймагында, Чычкан капчыгайында жүргүзүлөрү айтылды.