Жогорку Кеңештин депутаттары 19-январда "Жунда" заводунун ишин талкуулашат

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 19-январда Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунда көчмө жыйын өткөрөт. Жыйында аталган заводдун иштеши боюнча 2013-жылдын 5-февралындагы, 2014-жылдын 16-декабрындагы жана 2015-жылдын 28-апрелиндеги Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин чечимдеринин аткарылышы каралат.

Эскерте кетсек, аталган завод 2013-жылы ишке киргизилген. Көп өтпөй аймактын тургундары завод экологияга, аймактын жашоочуларына зыян тийгизип жатканын айтышып, бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. Ишкананын абалын текшерүү үчүн депутаттык, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Көчмө жыйында жыйынтыктар талкууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан