Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов "Республика - Ата Журт" фракциясынан чыгарылды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы жарыялады.
Айта кетсек, Жыргалбек Саматовго мандат берүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январда чечим кабыл алган. Ага чейин мандат берүү, кайра кайтарып алуу боюнча талапкер менен БШКнын ортосунда талаш жүргөн. Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында ал ант берип, кызматына расмий түрдө киришкен.