Бүгүн, 13-январда президент Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарындагы жардыруудан немис туристтеринин каза тапканына байланыштуу Германиянын президенти Йоахиму Гаукка, канцлер Ангела Меркелге көңүл айтты. "Кыргыз Республикасы мындай адамгерчиликсиз жана кыянат террорчулукту кескин айыптайт. Террорчулук аракеттер жол берилгис жана эч бир актоого жатпайт деп эсептейт",- деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Өлкө жетекчиси каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.