Ыманалы Саркулов: "Оң рулдуу унаалардын рулун сол жакка которууга өлкөбүздө шарт жок"

Кыргыз мамлекетинде автоунаалардын саны өсүп жатканы менен, алардын коопсуздугун жөнгө салуучу адистердин саны көбөйбөй жатат. Муну 13-январда “Парламент” радиосунун түз эфиринде ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Оң рулдуу унаалардын рулун сол жагына алмаштырууга мамлекетибизде шарт жок экени айтылды. "Автоунаалардын рулун бир тараптан экинчи тарапка которууну ошол автоунааны чыгарган завод гана ишке ашыра алат. Болбосо ошол заводдун лицензиясына ээ болгон техникалык жактан тейлөө станциялары колдонсо болот. Бирок андай тейлөө кызматтары өлкөбүздө жок",- деди Саркулов.

Жол кыймылынын эрежелери боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда “Эвакуатор” деген жаңы белгини тиешелүү жерлерге орнотуу талаптары каралып жатканы белгилүү болду. Жаңы белги айдоочуларга жол эрежесин бузгандыгы үчүн унаасы мажбурлап эвакуацияланары жөнүндө маалымдоого тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан