Бишкек менен Ошто жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду башка шаарлардан көбүрөөк кылуу сунушу айтылды

Оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга тыюу салуу мөөнөтүнүн узартылышы - элдин социалдык абалын эске алгандан кийинки чечим. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу бүгүн, 13-январда билдирип, коңшу өлкөлөрдү мисал келтирди.

"Тажикстанда бир күндө эле кабыл алынган чечим менен оң рулдуу автоунаалар трассага чыгарылбай калган. Түркмөнстанда оор жүк ташуучу кытайлык унааларды асфальт жолдор менен жүрбөсүн деген жарлык чыгарылган. Буга эл көндү. Ал эми биздин шартта оң рулдуу унааларды коммерциялык максаттарда колдонууга тыюу салган мөөнөт азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча 2018-жылга чейин узартылууда”,- деди депутат.

Орусиянын борбордук Москва, Санкт-Петербург шаарларындагы жол эрежелерин бузгандарга салынуучу айып пулдун суммасы башка шаарларга караганда 2 эсеге жогору экенин, мындай тажрыйбаны Бишкек жана Ош шаарларына сунуштаса болорун кошумчалады Жунус уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан