Кыргыз мамлекети менен Пакистандын кызматташтык абалы талкууланды

Премьер-министр Темир Сариев 13-январда Пакистандын Энергетика жана суу ресурсу боюнча федералдык министри Хожа Мухаммад Осиф менен жолугушуп, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Сариев Кыргыз Республикасы менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жетишсиз экенин белгилеп, аны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга кыргыз өлкөсү кызыкдар экенин жана бардык милдеттемелерди аткарып жатканын билдирди.

Пакистан министри CASA-1000 долбоорунун алкагында энергетикалык кызматташтыкты чыңдоого мүмкүнчүлүктөр ачыларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан