Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев менен Данияр Аттокуров Париж шаарында өткөн Европа биримдигинин курамындагы өлкөлөрдөгү саясий партияларды жана шайлоо кампанияларын каржылоо боюнча мыйзамдарын иликтеген семинарга катышышты.
Аталган семинарга кыргыз делегациясынан тышкары Беларусь, Грузия, Молдова жана Украинанын депутаттары катышышканын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эки күндүк семинардын негизги максаты - шайлоо кампанияларын жана саясий партияларды каржылоо багытында колдонулуп жаткан айрым Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдары менен таанышуу жана парламенттер аралык тажрыйба алмашуу. Семинардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары ЕККУнун Демократия институту жана адам укуктары боюнча башкармалыгынын жетекчиси доктор Мартин Валецки менен жолугушуп, жогорудагыдай семинарларды Кыргыз Республикасында өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.