Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын саны 168 миңди түзсө, мунун 27 миңи – балдар. Бул тууралуу өкмөттө 13-январда медициналык-социалдык экспертиза системин реформалоо жолдору талкууланган жыйында айтылды.
“Саламаттыкты сактоо системи эне жана баланын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү мүмкүндүгүн толук пайдаланбай жатат. Түрдүү оорулардын алдын алуу боюнча кеңири маалымдоо иш-чараларын өткөрүү зарыл. Мамлекет ата-энелер менен биргеликте балдардын ден соолугуна кам көрүүгө тийиш. Учурда өлкөдө 2233 мектеп бар жана анын ар биринде жылына бир ирет балдарды кароодон өткөрүп туруучу дарыгер иш алып баруусу керек. Өсүп келе жаткан муундун ден соолугу чың болсо, жалпы улуттун саламаттыгы чың болот”,- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев.
Жыйында медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга врач-реабилитологдор кызматын киргизүү тууралуу өкмөттүн токтом долбоорун сунуштоо милдети тапшырылды.