Ирандын элчиси 12 жылдык тыныгуудан кийин кыргыз-иран байланышын Алмазбек Атамбаев жандантканын айтты

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 13-январда Ирандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Али Наджови Хошруди менен жолугушту. “Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкө ортосундагы он эки жылдык тыныгуудан кийин өткөн жылы Иранга барып, мамлекет башчысы менен жолугушту. Бул жолугушуу эки өлкөнүн тарыхындагы жаңы барактарды ачты”,- деген элчи өлкөлөр энергетика, айыл чарба жана туризм тармагында пайдалуу кызматташа аларына токтолду.

Фракция лидери: “Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылдын сентябрындагы Иранга болгон иш сапарында Кытай – Кыргыз Республикасы – Тажикстан – Ооганстан – Иран темир жолунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулап келди”,- деп билдирип, өлкөлөр ортосундагы пайдалуу кызматташууга тиешелүү мыйзам долбоорлорун парламент карап көрөрүн билдирди.

Тараптар өлкөлөр ортосунда визалык режимди жөнөкөйлөтүү, түз авиакаттамдарды ачуу боюнча да пикир алышканын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан