Жогорку Кеңеш 13-январдагы жыйынында "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун экинчи окууда колдоду. Демилгечилердин айтымында, долбоор менен элдик мыйзам чыгаруу демилгесин парламентке жеткирүү мөөнөтү кыскартылууда. Аталган мөөнөт 65 күндөн 23 күнгө чейин кыскармакчы: экспертизага 10 күн, каттоодон өтүүгө 10 күн, каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга 3 күн убакыт каралып жатат.
Белгилей кетсек, азыркы мыйзамга ылайык, элдик демилгелерди экспертизадан өткөрүүгө 30 күн, каттоодон өткөрүүгө 30 күн жана Юстиция министрлигинен каттоо жөнүндө чечимди кабыл алууга 5 күн бекитилген.