Өмүрбек Текебаев "прописка" деген институтту жоготушубуз керек" деди

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасында жарандарды каттоо (прописка) институту жоюлушу керек деген пикирде. 13-январда эл аралык уюмдардын биринин өкүлдөрү менен жолугушууда депутат аталган институттун тоскоолдуктарын атады.

"Азыркы учурда мамлекетибиздин ар бир жараны өзү катталган жеринде гана социалдык укуктарын пайдалана алышат. 25 жылдын ичинде жарандардын дээрлик жарымы жашаган жерлерин өзгөрттү. Бирок алар билим алуу, саламаттыкты сактоо тармагында өз укуктарын пайдалана албай жатышат. Ал тургай ишке орношо алышпайт. Биз мындай тоскоолдукту жоюуну сунуштайбыз, жарандар кайсы жерде жашап жатышса, ошол жерден өз укуктарын пайдалана алгыдай болушу керек",- деди Текебаев.

Жарандарды каттоо институтун "Советтер Союзунун эскирген мурасы" деп атады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан