Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкерлерди алардын билим деңгээли жана ыкмаларга ээ болгону боюнча категориялар менен баалоо керектигин сунуштады.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматчылар 300-600 сом кошумча төлөмдөрдү алыш үчүн класстык чиндерди алууга аракет жасашууда. "Класстык чиндердин айынан кылмыш иштери козголууда. Айрым чиновниктердин билим деңгээли азыркы мезгилдин талаптарына жооп бербей жатат. Ошондуктан мен алардын квалификациясын A, B, C, D, E категориялары менен баалоону сунуштаар элем. "А" категориясы - бул тилдерди билүү. Мисалы, мамлекеттик кызматкер үч тилди билсе, ага "А3" категориясы берилет. "B" - бул мыйзамдарды билүү, "C" - компьютерди билүү жана ушул сыяктуу башка категориялар. Эгер бул боюнча бир чечимге келсек, бизге сапаттуу мыйзамдарды кабыл алуу жеңилирээк болот",- деди Бекешев.