Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өлкөдө фракциялардын диктатурасы орной баштаганын билдирип, төраганы муну токтотууга чакырды. Момбеков мандаттан ажыраган эки депутат боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнө суроо берип, жооп алуу зарылдыгын айтат.
"Акаев менен Бакиевди эмнеге куудук эле? Бүгүн президенттин эмес, фракциялардын диктатурасы орноп жатат. Депутат кечинде уктап, эртең менен турса эле жөнөкөй жаран болуп калса... Минте берсек, урматтуу төрага, сиз 6 фракциянын башчылары менен гана иштешип каласыз. Калганыбыздын керегибиз жок болуп калат. "Аталган депутаттар жетиштүү добуш алган эмес" дешүүдө. Кимибиз шайлоодо таза добуш алдык? Таза добуш менен шайланган бир эле киши бар - президент Алмазбек Атамбаев. Калганыбыз добуштарды акчага, аракка сатып алып келдик. Муну жашырбашыбыз керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн парламентке чакырып суроо берели",- дейт Момбеков.
13-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча маалымат алмак. Бирок добуш берүүдө маселени кароону 14-январга жылдырышкан.
Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган. Аталган депутаттар БШКнын мындай чечимине макул эмес.