Статистика комитети: 2015-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 424 миллиард сомго жетти

Бүгүн, 14-январда Бишкекте Улуттук статистика комитети 2015-жылга карата республиканын социалдык-экономикалык абалы тууралуу жыйын өткөрдү. Маалымат жыйынынын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Акылбек Осмоналиев тиешелүү маалыматтарды билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдагы ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоолор боюнча 424 миллиард сомго жакындады. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине карата 3,5 пайызга көбөйдү дегендик. Бул жааттагы эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, сумманын жалпы көлөмүнүн 50 пайызга жакынын түздү. Өнөр жайдын үлүшү 15 пайызды, айыл чарба үлүшү 14 пайызды, курулуштун үлүшү 8 пайызды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан