Өмүрбек Бабанов: "Эки депутатты мандаттан ажыратып, Борбордук шайлоо комиссиясы туура эмес чечим чыгарды"

"Эки депутатты мандаттан ажыратып, Борбордук шайлоо комиссиясы туура эмес чечим чыгарды",- деди бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов.

Анын айтымында, парламент жыйынына БШКнын мүчөлөрүн чакырып, "Кыргызстан" фракциясынын эки депутаты Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча маселени талкуулоо керек. "Депутат мандатынан эки эле себеп менен ажырашы мүмкүн: өз ыктыяры менен жана фракциядан чыкканына байланыштуу. Парламент депутаттары мыйзамдарды коргош керек. Депутаттар элге үлгү болуш керек. Болбогон нерселерди карай берсек болбойт. Келиңиздер, Борбордук шайлоо комиссиясын чакырып, аталган маселени карайлы",- деди Бабанов.

Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган. Аталган депутаттар БШКнын мындай чечимине нааразы болуп, комиссиянын имаратында чуу чыгарышкан.

Кечээ, 13-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бул маселе каралышы керек болчу, бирок депутаттар аны кароону бүгүнкү күнгө калтырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан