Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев парламенттеги өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, "Өкмөттүн аппараты депутаттар көтөргөн маселелерди укпай жатабы?" деп сурады. Анын айтымында, айрым мамлекеттик мекемелердин жетекчилери бир жылга планы жок иштеп жатышат.
"Өкмөт аппараты радиодон депутаттар эмнени сүйлөп жатканын угуп, иш алып барсын. Аймактарга чыгып, элдин көйгөйлөрүн чечсин. Өкмөттөн бир нерсени сурасаң эле "дүйнөдө кризис, мунайдын баасы арзандап жатат" деп жооп берип кутулушат. Агрардык университетке аймактардан балдар келип, жалпы республикалык тестирлөө боюнча 110 баллдык босогодон өтө албай, Орусияга окууга кетишет, кийин ал жерде иштешет. Ушинтип кадрларды жоготуп жатабыз. Аталган босоголук чекти 90 баллга чейин төмөндөтүү боюнча демилге көтөрсөк, өкмөт карабай жатат. Мунайдын арзандашынын биздин студенттерге кандай тиешеси бар?"- деп нааразы болду Төрөбаев.