Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Жыргалбек Саматов "Республика - Ата Журт" фракциясынан чыгарылышына макул эместигин билдирди. Депутат фракция жетекчилигинин мындай чечим кабыл алууга укугу жоктугун белгилейт.
"Мен соттон утуп чыгып депутаттык мандат алдым. Кечээ уктум, мени фракциянын курамынан чыгарышыптыр. Эмненин негизинде чыгарышканын түшүнбөдүм, мен фракциянын курамындагы депутатмын. Бул боюнча Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке кайрылам. Мыйзамдуулукту сактайлы",- деди Саматов.
Эскерте кетсек, Жыргалбек Саматовго мандат берүү тууралуу БШК 11-январда чечим кабыл алып, депутат 13-январда парламентте ант берди. Ага чейин мандат берүү, кайра кайтарып алуу боюнча талапкер менен БШКнын ортосунда талаш жүргөн. Кененирээк бул жакта.
Саматов ант берген күнү "Республика - Ата Журт" фракциясы аны фракция курамынан чыгаруу чечимин кабыл алган.