Бишкек шаарынын курулуш компаниялары эрежелерди сактабай жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Санитардык-экологиялык инспекциянын кезектеги текшерүүсүндө Чүй менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуш фирмаларынын бири уруксаты жок жер казуу иштерин жүргүзүп, ошондой эле тиешелүү эрежелерди сактабаганы аныкталды.
Жыйынтыгында бул фирманын жетекчилигине карата аталган инспекциянын кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссияга кароого жиберилди.