Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев өлкөнүн тышкы саясаты боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады.
"Биз массалык маалымат каражаттары аркылуу гана өлкөбүздүн тышкы саясаты жөнүндө окуп жатабыз. Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана парламент мамлекеттин тышкы саясатын аныктайт, ал эми өкмөт ишке ашырат. Ошондуктан 2016-жылдын февраль айынын башында өкмөттүн тышкы саясат боюнча маалыматын угалы",- деп демилгеледи Абдылдаев.