Бишкекте 7 күндүк ымыркайды ата-энеси жолго таштап салып, кайра алып кетти

13-январь күнү саат 16:33 чамасында "Тез жардам" кызматына Бишкектеги Жаш Гвардия бульварына белгисиз бирөөлөр жуурканга (одеяло) оролгон 7 күндүк ымыркайын таштап кетишкени кабарланган. "Тез жардам" кызматы барган учурда ымыркайдын ата-энеси келип, аны алып кеткенин аталган кызматтан 14-январда билдиришти.
Суукта жуурканга оролуп орундуктун үстүнө калтырылган баланын ден соолугуна зыян келген эмес. "Ымыркайдын ден соолугу жакшы болгондуктан, ата-энеси баланы ооруканага жаткыруудан баш тартып, андан кийин үйүнө алып кетти",- деди дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aidai88
2016-01-14 12:20:42
Ооо кудайым,пенделериндин куноолорун озун кечирип,ар бирине сабыр канаат,ыйман,ынсап,мээрим бере кор.Бул деген кандай шумдук? Жаш баланы кочого таштап,андан сырткаары жаш балдарга болгон зордук зомбулук кучоп баратканы адамдын журогун оорутпай койбойт((((
Жогоруда катачылык кетиптир караштырып койгула...
+5
Suikumduu98
2016-01-14 12:36:11
Эч ким жада калса 10 сомун да жолго таштап койбойт,а булардын кантип жүрөктөрү чыдаар экен өз канынан жаралган эң кымбат баласын жолго таштаганга... эх бир кем дүйнө...Бирөөгө зар ,бирөөгө кор бала деген ушуда,мейли эми кеч болсода акылына кириптир...
+6
zoichka
2016-01-14 12:50:25
9ай которуп.толгоосун тартып,анан да кандай таш боор ата эне.кыштын суугунда таштап.кайра алып кеткен.себебин такташ керек
+3
Aiki
2016-01-14 13:06:28
Aдмин.сиздерге суроо:маалымат такталганбы себеби 7кун эмес 7жумалык бала деп башка маалымат булагынан окудум эле ??
+3
admin_portal
2016-01-14 13:26:57
Aiki, саламатсызбы!
Маалымат такталган.
+2
KyrgyzKagan
2016-01-14 13:18:32
Буларды каттап жакшылап козомолго алыш керек. Балким карангыда башка жака таштайбыз деген арам ой менен журбосун. Багалбаса башка бала багып алам деп балалуу болалбай жургон уй булоолорго бериш керек. Бала тапкандыкы эмес баккандыкы. Кудай ар бир пендене ыйман, ынсап, ынтымак, ырыскы бере кор.
+5
Mars55
2016-01-14 13:53:42
мен балага жетбей жүрөм 2 жылдан бери.бирөөгө кор бирөөгө зар дүйнө .
+1
elmurat.kg
2016-01-14 13:58:55
Бар нерсенин кадырын билишпеген акмактар.Кээ бироолор тырнакка зар,булардын болсо кылган ишин карагыла!Баланы алып коюш керек эле,алар кийин каяка ташашканын кудай билет
+1
akimjan93
2016-01-14 14:12:24
Кандай адамдар булар
0
Gulnur1980
2016-01-14 14:21:25
Моюнун жулунгурлар десе!!! баланы таштагандан коро озунор кочодо калганынар он го,айбанча да жоксунар!!!
0
tabyshmak
2016-01-14 14:44:57
Мумкун болсо эми бул уй-булону козомолго алуу керек тиешелуу органдар. Анткени, ымыркайга мындай мамиле жасап, анан кайра алып кеткен ата-эне ал ымыркайга дагы кыянаттык мамиле жасашы мумкун. Ошол себептен ымыркай чонойгончо ар дайым козомолдоп туруу керек.
0
Nurtilek001
2016-01-14 19:23:17
Кайра алып кетти деп эле отуруп калбай козомолдош керек,мумкун жон таштабай сатып ийели деген ойго келишкендир,таштап кайра алып кеткендери кумон ойду жаратат.
+2
Nariste...12
2016-01-14 20:20:34
Оз канынан жаралган наристесин таштаган адамдан кандай жакшылык кутсо болот. Андан коро багып алуучулар чыгат, ошолорго бер, жолго таштабай. Мисалы мен багып алмакмын. Балдарыма кошуп.
0
begai93
2016-01-14 20:57:48
Кудай ай кандай ой максат менен таштап кайра эмне максат менен алып кетишти экен ээ??? Мунун себебин тактап жооп бердириш керек мумкун дагы башка жаман ойлору бардыр?!
0
Moskva.kg
2016-01-14 21:31:37
Энесине тфу тфу башка соз айтаарга созум деле жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан