Нарын шаарынын Москва аймагында муз аянтынын ачылышы болду

Кечээ, 13-январда Нарын шаарынын Москва аймагында муз аянтынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Быйылкы жылдан айырмаланып мындай чакан муз аянтчаларын уюштуруу мектептер тарабынан да колго алынып, алгачкылардан болуп М.Сыдыков атындагы №7-орто мектеп саамалык жасады.

Муз аянтынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова, Нарын шаардык мэриясынын ɵкүлдɵрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аталган аймактын жашоочулары, мектеп жамааты, окуучулар, ата-энелер катышты.

Ч.Абдраимакунова муз аянтчанын уюштурулушу учурда кышкы эс алууда жүргɵн окуучулардын убактысын туура пайдаланууга, аларды сергек жашоого тарбиялоого жана үндɵɵгɵ ɵбɵлгɵ түзɵрүн белгиледи. Ал эми Москва аймагынын жашоочулары бул жакка келип коньки тээп, балдарын ойнотуп кетип турганга шарт түзүлгɵнүнɵ ыраазычылык билдиришти. Иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан муз аянтына келгендерге таза абада ысык чай берилди.

Шаардын калган мектептеринде да муз аянттарын жасоого аракеттер кɵрүлүүдɵ.

Белгилей кетсек, шаардын борбордук "Ала-Тоо" стадионундагы муз аянтына күнүнɵ миңге чукул коньки тебүүнү жактырган нарындыктар келип жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kgalik
2016-01-14 18:25:39
жакшы жанылык экен, Нарындыктардын эмгеги десек болот. неге Москва аймагы?
0
NARYNGRAD
2016-01-14 22:16:18
kgalik,Анткени аталган кичирайондо Москва шаарында салынган көп кабаттуу үйлөрдүн тибине окшош көп кабаттуу үйлөр салынган, ошондуктан Московский кичи району болуп аталып калган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан