Жер титирөөдөн жабыр тарткан Кызыл-Суу айыл аймагынын тургундарына гуманитардык жардам берилди

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2015-жылдын 17-ноябрында катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан Кызыл-Суу айылдык аймагына 2016-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги элчилиги жана Вайл-Ал-Мурсин жетектеген жергиликтүү эл тарабынан жалпы 79 250 сомдук гуманитардык жардам берилди:

1. Ун, 1-сорт, 500 килограмм (13 000 сом )

2. Макарон, 250 килограмм (11 250 сом)

3. Кумшекер, 250 килограмм (13 750 сом)

4. Май, 250 килограмм (23 750 сом)

5. Күрүч, 250 килограмм (17 500 сом)

Жер титирөөдөн жабыр тарткан тургундарга 1 үй-бүлөгө 10 килограмм ун, 5 килограмм макарон, 5 килограмм кумшекер, 5 килограмм май жана 5 килограмм күрүч берилди.

Жалпысынан:

1. Чайчи айылындагы 31 үй-бүлөгө;

2. Корок айылындагы 2 үй-бүлөгө;

3. Коргон айылындагы 4 үй-бүлөгө;

4. Алп-Ордо айылындагы 1 үй-бүлөгө;

5. Талаа айылындагы 12 үй-бүлөгө жардам берилди.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patirot
2016-01-14 14:14:06
1 үйбүлөгө 1 мишоктон эле ун берсе болот эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан