Узакка созулган жылуу аба ырайынан кийин 17-18-19-январь аралыгында аба ырайы кескин өзгөрөт. 17-18-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаа-чачын күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-январда түнкүсүн дээрлик жаан-чачын жаабайт, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 18-19-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаайт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болору күтүлөт. 17-18-январда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. 18-19-январда абанын температурасы төмөндөйт.