Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын жеңүүчүлөрү, маданият өкүлдөрү жана журналисттер бүгүн, 14-январда Малайзияга сапар тартышты. Алар Куала-Лумпур шаарына Ташкент шаары аркылуу барышмакчы.
Жоон топ 4 маданият өкүлүнөн, сынакта жеңип чыккан 9 окуучудан жана сынакты уюштурууда өнөктөш болгон 9 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турат. Ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов коштогон топ 21-январга чейин аталган өлкөдө болушат. Анда Малайзиянын мектептеринин бирине баруу, ЖМКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.
Кошумчалай кетсек, сынактын катышуучулары "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баян жазып, уюштуруучуларга жөнөтүшкөн. Жеңиш ээлери 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу), Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан. Алардын дил баяндарын бул жерден окусаңыз болот...
* Талас облусу боюнча жеңүүчү аталган Нурэл Абасканов Малайзиядагы экзотикалык жаныбарларды көргөнгө ашыгып жатканын айтты. "Мен дил баянда кыргыз жери менен Малайзиянын окшоштуктарына токтолгом. Биз сыяктуу эле алар дагы 31-августта Эгемендүүлүк күнүн белгилешет. Бул өлкө тууралуу маалыматым бар, көргөнгө кызыгып жатам",- деди 6-класстын окуучусу.
Малайзияга сапар алдында Санжар Мыкыев буларга токтолду: "Окуучулардан жана чыгармачыл инсандардан турган мыкты топ баратабыз. Уюштуруучу топко ыраазычылык билдирем. Жакшы эс алуу күтүп турат деп ишенем". Ал эми сөзүн "дил баян жазып өтүп кеттим" деген тамаша менен баштаган Азамат Исмаилов буга чейин Малайзияга барганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, бирок үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу бара албай калганын айтты. "Элчилик өлкөнүн келечеги болгон жаш муунду Малайзияга алып баратканы кубандырат",- деди ал.