15 жыл ичинде эл аралык мигранттардын саны 41 пайызга өстү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Мигранттардын 16 миллиону Индиядан, 11 миллиону Орусиядан, 10 миллиону Кытайдан, 7 миллиону Бангладештен болушса, Пакистан менен Украинадан 6 миллиондон мигрант бар. Алардын үчтөн эки бөлүгү Европанын өлкөлөрүндө жашашса, калганы Азия менен Түндүк Америкада жашашат.
"Эл аралык мигранттардын саны өлкөлөрдүн калкына караганда ылдам темп менен өсүп жатканын белгилешибиз керек. Бул мобилдүүлүктүн өнүгшүнөн жана миграцияга болгон талап көбөйгөндүгүнөн кабар берет. Биз буга даяр болушубуз керек",- дейт БУУнун Социалдык-экономикалык суроолор боюнча департаментинин адиси Бел Хови.
Дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда 47 миллион мигрант же мигранттардын жалпы санынын 19 пайызы менен Америка Кошмо Штаттары турат. Ал эми экинчи орунда 12 миллиондон мигрант менен Германия жана Орусия турат.