Жергиликтүү кеңештин депутаттарын жаңы технология менен шайлоо демилгеси 2-окууда каралды

Парламентте бүгүн, 14-январда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы автоматташтырылган технологияларды жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого колдонулган окшош механизмдерди ишке киргизүүгө багытталууда.

Долбоор жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуштардын жыйынтыктарын фальсификациялоону болтурбоо, шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укугун бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине даттануунун тартибин өзгөртүү максатын көздөйт.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан