Депутаттар "Манас" аэропортунда таксисттердин кардар талашып урушканы туристтерди чочутуп жатканын айтышты

Парламенттин 14-январдагы жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев өлкөгө келген туристтерди айрым жарандар чочутуп жатканын айтып чыкты. Артыкбаев "Манас" аэропортунан мисал келтирди. "Аэропорттон түшкөн туристтерди ошол жерде турган таксисттер талашып урушушат экен. Бул нерсе өлкөбүзгө келген чет элдик жарандарга терс таасир калтырат. Анан да аэропорттон сыртка чыкчу жолдо тыгын болуп, унаалар токтоп турушат. Ал жерден өткүчө эле бир топ убакыт кетет. Financial Times гезити мамлекетибизди саякаттоого ылайыктуу өлкөлөрдүн катарына кошту. Айрым терс көрүнүштөрдү токтотпосок, өлкөгө келчү туристтерден айрылып калышыбыз мүмкүн",- дейт депутат.

Эскерте кетсек, жакында британиялык Financial Times гезити окурмандарына 2016-жылы саякаттоого жети өлкөнү сунуштады. Алар: Шри-Ланка, Перу, Гренландия, Бразилия, Куба, Түштүк Африка жана Кыргыз Республикасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан