Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдан тартып автоунаа каражаттарына салык төлөгөн жарандарга салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптамаларды бере баштайт. Бул тууралуу 14-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматында болгон маалымат жыйынында МСКнын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов билдирди.
Бул максатта жалпысынан 800 миңден ашуун атайын чаптамалар даярдалууда, бир чаптаманын наркы 3,57 сомду түзөт. 2016-жылдын 13-январына карата 420 миң чаптама даярдалып, салык органдарына таратылды.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы токтому менен автоунаа каражаттарына салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптамалар бекитилген. Бул 4-топтогу мүлк объекттеринен салык алуу механизмин жакшыртуу максатында жасалган. Токтомдо белгиленген мөөнөткө ылайык, уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн унаа салыгын төлөө жыл сайын 1-сентябрдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Маалыматтык эсепти тапшыргандан жана автоунаа каражаттарына салык төлөнгөндөн кийин салык төлөөчүгө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу, салык органынын кызматкеринин колу жана анын ысымдык мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн атайын чаптама (так отчёттуулук бланкы) акысыз берилет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесине ылайык, атайын чаптама унаа салыгын төлөөдөн бошотулган жактарга да берилет.
4-топтогу мүлк объекттерине карата салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптаманын диаметри туурасынан 80 мм жана тигинен 65 мм болгон сүйрү формага ээ жана 250 кв/м кем эмес тыгыздыктагы, көркөмдөлгөн төрт мөөрү менен тангир торчо түрүндө көрүнүп туруучу коргоо элементтери бар кагаздан жасалат. Кагаздын өңү ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде жыл сайын алмаштырылып турат. Автоунаанын (маңдайкы айнегине) алдына чапталат.
2015-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча салык салынган унаа каражаттарынын саны 637 289 бирдикти түзөт.
Белгилей кетсек, 2014-жылы 620 064 бирдик унаа каражатынан 670 миллион 624,2 миң сом салык, 2015-жылы 637 289 бирдиктен 689 миллион 308,5 миң сом келип түшкөн.