Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерди каттай баштады

2016-жылдын 1-январынан тартып Улуттук статистика комитетинин жеке жактарды жеке ишкер катарында каттоо боюнча функциялары салык органына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 14-январда КРнын Мамлекеттик салык кызматында болгон маалымат жыйынында МСКнын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов билдирди.

К.Кумашовдун айтымында, жеке жактарды юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермер) чарба, жеке ишкер катарында мамлекеттик каттоо жүргүзүлө баштады. Бул ишкерлик иш жүргүзүү тууралуу чечим чыгарган жеке жак үчүн ыңгайлуу шарт түзмөкчү. Биринчиден, алар мурункудай Улуттук статистика комитетине өзүнчө мамлекеттик каттоодон өтүүгө барбастан, бир эле жерден – салык органынан мамлекеттик жана салыктык каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Экинчиден, КРнын Салык кодексине киргизилген оңдоолорго (96-берене) ылайык, жеке ишкер каттала турган ордун – жашаган жери боюнча же каттоодо турган орду боюнча, же ишкердик ишин жүргүзгөн орду боюнча өз алдынча аныктоого укуктуу.

Ал эми ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер ишкердигин жүргүзгөн орду боюнча салыктык каттоодон өтүшөт. Мындан сырткары ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерден башка, салык төлөгөн жеке ишкерди каттоо учурунда жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.

Юридикалык жакты түзбөстөн ишкерлик иш жүргүзүү тууралуу чечим чыгарган же ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик ишин жүргүзүүнү каалабаган жеке жак каттоодон өтүү үчүн салык органына кайрылуусу зарыл. Салык органында жеке ишкерди мамлекеттик каттоо субъекттин жеке ишкер катары мамлекеттик салыктык каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт. Ал салык органына бир катар документтерди, алсак, салыктык каттоо жөнүндөгү арыз, өздүгүн тастыктаган документ жана анын көчүрмөсүн, эгерде ЖИН (салык төлөөчүнүн жеке идентификациялык номери) жокторго документ берилсе, ЖИН ыйгарылгандыгы тууралуу документ жана анын көчүрмөсүн алып келүүсү зарыл.

Жеке ишкер салыктык кайрадан каттоодон төмөнкү учурларда өтүүгө милдеттүү: эгерде ал салыктык катталган ордун өзгөртсө же башка салыктык каттоо ордун тандаса, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртсө, ЖИН өзгөртүлсө.

“Улуттук статистика комитетинин функцияларын Салык органына өткөрүп берүү каттоо процессин бир кыйла жөнөкөйлөтүп, бул катталган жеке ишкерлердин санынын өсүшүнө таасир берет. Ошондой эле, бизнестин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, көмүскө чөйрөнүн деңгээлин азайтууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда ашыкча функцияларды жоюунун эсебинен мындай мамлекеттик органдардын иштеринин натыйжалуулугу жогорулайт. Жалпысынан бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизмекчи”,- деп белгиледи К.Кумашов.

2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 579 354 салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөн, анын ичинен 91 046 – юридикалык жактар, 281 985 – жеке ишкерлер жана 206 323 – дыйкан (фермер) чарбалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан