"Кечинде депутат, эртеси жөнөкөй жаран" болуп калган эки айымдын маселеси парламентте бүгүн да каралбай калды

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын мурунку депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими бүгүн, 14-январда парламентте каралбай калды. Буга кворумдун топтолбой калганы себеп болду. Саат 18:18ге карата жыйында катталган депутаттардын саны 47 экени аныкталды.

Бул маселе кечээки жыйында талкууланышы керек болчу, бирок депутаттардын көбү бүгүнкүгө калтырууну колдошкон. Бүгүнкү жыйында "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов "эки депутатты мандаттан ажыратып, Борбордук шайлоо комиссиясы туура эмес чечим чыгарды" деген. Депутат Рыскелди Момбеков аталган маселе боюнча буларды айткан: "Бүгүн президенттин эмес, фракциялардын диктатурасы орноп жатат. Депутат кечинде уктап, эртең менен турса эле жөнөкөй жаран болуп калса, төрага 6 фракциянын башчылары менен гана иштешип калат. Калганыбыздын керегибиз жок болуп калат".

Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган. Мандаттан ажыратылган депутаттар БШКнын мындай чечимине нааразы болуп, комиссиянын имаратында чуу чыгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан