Идрис Кадыркулов Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Идрис Кадыркулов Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда аталган мекемеден кабарлашты.

И.Кадыркулов 1971-жылы 4-январда Сокулук районунун Кашка-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү, экономика жана башкарууну уюштуруу адистиги боюнча 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

2015-жылы КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын мамлекеттик саясат жана башкаруунун жогорку мектеби адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн. Буга чейин ИИМ, УКМК тармактарында иштеген. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан