Англиялык саякатчы, жазуучу жана сүрөтчү Роб Люттер 2011-жылдын сентябрь айында велосипед менен 40 миң чакырымды түзгөн Жер шарын айлана турган саякатка болгон мүлкүн сатып чыккан. Анын айтымында, бул саякатка анын психикалык абалы түрткү болгон. Робко психикалык абалына байланыштуу адамдар менен мамиле куруу оор болгондуктан, окуясын сүрөттөр аркылуу баяндоону чечип, саякатын The Lifecycle Adventure деп атаган. Саякаты 4 жылга созулуп, Европа, Жакынкы Чыгыш, Гималай, Кытай, Азия, Австралия өлкөлөрүн жана Американы кыдырып, кайра Лондонго кайткан. Эми башынан өткөн окуялар тууралуу китептерди жазып, интернет ааламына кеңири баяндап жаткан кези. Саякатчы көптөгөн өлкөлөрдүн арасынан кыргыз жергесин жактырганын айткан.
"Кыргыз жергеси - көчмөндөргө, жылкыларга толгон жаратылыштын койнундагы ээн, эркин өлкө. Мен кыргыз жеринде дүйнөнүн чокусунда жүргөнсүп, бир жагынан үйдө, экинчи жагынан колумдагы камера менен каалаган жагыма бара алчу саякатта жүргөндөй болдум",- дейт Роб Лютер.