Темир Сариев: “Жол оңдоого бөлүнгөн акчаны эффективдүү пайдалануу керек”

Кыргыз мамлекетиндеги долбоорлорду ишке ашырууга алынган каражатты эффективдүү пайдалануу керек. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 14-январда өкмөттөгү жыйында билдирди.

Жыйында Ноокат районунун борборунун жана Баткен шаарынын жолдоруна асфальт төшөө долбоору каралды. Сариев жолдорду оңдоодо акчаны үнөмдөө зарылдыгын билдирди. “Бул документке ылайык, ар бир долбоорго 20 миллион сомдой каражат керектелет экен. Бул, менимче, кымбат. Биз алынган каражаттын эффективдүүлүгүн карап, сарамжалдуу пайдалануу менен мындан көп жолдорду курууга аракет кылышыбыз керек”,- деди премьер.

Темир Сариев жолдор боюнча долбоорлорду кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан