Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдиктин шартында тигүү өндүрүшүн жандантуу жолдору талкууланган экономикалык форум өтөт. Форумга Экономика министрлигинин жетекчилиги, текстиль жана тигүү тармагындагы бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышып, Кара-Балта шаарындагы текстиль фабрикасынын бет ачары болот.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, аталган фабриканы куруу долбоорун ишке ашырууга багытталган макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө. "Текстиль фабрикасынын курулушу өлкөнүн тигүү тармагын арзан жана жеткиликтүү чийки зат менен камсыздоого жол ачат. Муну менен өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулайт",- деп билдирет министрлик.