Бүгүн, 15-январдан баштап "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балаты алынат. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, калаанын аймагындагы башка жаңы жылдык балатылар да алынат. Ишти "Тазалык" жана "Бишкек свет" ишканалары жүргүзөт.
"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балатынын бекем болуусу үчүн түбүнө жалпы салмагы 22,5 тонна бетон плиталары коюлуп, Кытайдан алынып келинген 1530 жасалма бутак илинген. Ал эми балатыга 64 миң жарык берүүчү чырак орнотулуп, улуттук стилдеги 1185 жасалга жана оюнчуктар менен кооздолгон.