Өлкөбүздүн ЖОЖдору кышкы каникул учурунда окуучулар үчүн билим берүү курстарын уюштурушууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган министрлик бул иш-чаралар окуучуларга кышкы каникулдун маңыздуу өтүшүнө шарт түзөрүн белгиледи.
Жогорку класстын окуучулары үчүн И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде техникалык илимдер боюнча курстар 11-22-январь аралыгында өтөт. Ош мамлекеттик университетинде кышкы билим берүү лагери 15-22-январларда болот. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аталган университет боюнча экскурсиялар да уюштурулат. Борбордук Азия университети англис тили жана математика боюнча курстарды өткөрүп жатат. Бул курста Бишкек, Ош, Нарын жана Дүйшөмбүдөн келген 64 окуучу окуп жатат. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Англис тили борборунда англис тилин тереңдетип окутуу боюнча бекер курстар жүрүп жатат.