Бүгүн, 15-январда "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов өкмөттүн атынан "Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун кароону суранды.
Фракциянын депутаттары бул долбоор аларга келбегенин айтышып, документ менен кененирээк таанышуу керектигин билдиришти. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев аталган макулдашууну денонсациялоону "өлкө үчүн аргасыз кадам" деп атап, "Ата Мекен" бул маселе боюнча бирдиктүү жообун кийин берерин убадалады.