Текебаев Сарпашевге: "Өлкөгө биометрика тез убакта киргизилгендей, "прописка" маселесин да ушундай тез чечиш керек"

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасында жарандарды каттоо (прописка) институтун жоюу демилгеси каралууда. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, жарандарды каттоо институту - Советтер Союзунун эскирген "мурасы".

"Азыркы учурда жарандар өзү катталган жеринде гана социалдык укуктарын пайдалана алышат. 25 жылдын ичинде жарандардын дээрлик жарымы жашаган жерлерин өзгөрттү. Бирок алар билим алуу, саламаттыкты сактоо тармагында өз укуктарын пайдалана албай жатышат. Ошондуктан жарандар кайсы жерде жашап жатышса, ошол жерден өз укуктарын пайдалана алгыдай болушу керек. Бул маселе миллиондогон жарандарыбызга тийиштүү. Өлкөгө өкмөт биометриканы тез убакта киргизгендей, "прописка" маселесин да ушундай тез чечиш керек",- деди Текебаев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин билдиришинче, "прописка" институтун четке кагуу азырынча эрте. "Мамкаттоо кызматынын 22 тейлөө түрү жарандардын "пропискаларына" байланыштуу. Жарандарды жашаган жеринде каттоо институтун жоюу туура багыт, бирок ал келечекте ишке ашышы мүмкүн. Бул демилгени иш жүзүнө ашырууга убакыт керек",- деп жооп берди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан