Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган дил баян сынагында уткан окуучулар Малайзияга жетишти. Аларды аэропорттон элчи Кылычбек Султанов жана элчиликтин кызматкерлери тосуп алышты. Малайзиядагы кыргыз жарандарынын биримдиги орхидея гүлдөрүнөн токулган тагынчактарды жеңүүчү болгон 9 окуучунун моюнуна илип, куттукташты.
Окуучулар Бишкектен 14-январда кечинде учуп кетишкен. Алар менен бирге 9 аймактан 9 жеңүүчүнү аныктаган ММКлардын өкүлдөрү, ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов да барышты.
Делегация Малайзияда 21-январга чейин болушат. Анда Малайзиянын алдынкы мектептеринин бирине баруу, ММКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.
Эскерте кетсек, 2015-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилиги кыргыз жериндеги окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баяндар сынагын жарыялаган. Жеңүүчүлөр жаңы жыл алдында 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу), Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан.