Депутат эксперттерге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин биринчи сабын эстетти

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында өкмөттүн «КРнын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген экологиялык зыянды эсептөө методикасы жөнүндө» токтом долбоору каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө фракция лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт "Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдү сактоо багытында иш жүргүзүшү керек. «Жакында Парижде өлкөлөрдүн президенттери чогулуп, мөңгүлөрдүн эриши тууралуу көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулашкан. Алардын арасында биздин президентибиз да болгон. Бүт дүйнө мөңгүлөрдү сактоого кызыкдар. «Кумтөр» ишканасы болсо өлкөбүздүн мөңгүлөрүн талкалаганы жатат»,- деди Текебаев.

Депутат Садык Шер-Нияз жыйынга катышып жаткан эксперттерге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин биринчи сабын эстетти. «Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар» деп гимнибиз башталат. Мөңгүлөрүбүзгө өтө аяр, өтө ыйык мамиле жасашыбыз керек. Мөңгүлөрдү куб метр менен эсептеп жатканыңар туура эмес»,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан