Өздөрүн "патриот" деп эсептегендер Орусияда дагы бир кыргыз кызын ур-тепкиге алганы тууралуу видео интернетке тарады. Видеодо кыргыз жигиттери кыздын башына тээп, андан кийин чачынан кармап башын көтөрүп, канча тажик менен интимдик катнашта болгонун сурашкан. Кыз тажиктер менен эч кандай интимдик катнашта болбогонун айтууда. Балдардын бири видеого тартып жатып "кыргыздарды курутат" десе, экинчиси "мындан кийин сезип жүргүн" деп эскертүүдө. Видео кыш мезгилинде тартылган.