Малайзияга барган окуучулар өлкөнүн ашканасы, маданияты менен таанышууда

Малайзияга барган окуучулар, аларды коштоп жүргөн ММК жана маданият өкүлдөрү Куала-Лумпур шаарында мейманканага жайгашышты. Түштөнүү маалында Малайзиянын ашканасы менен таанышып, бассейнге түшүп эс алышты. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси уюштурган кечки тамактанууга барышты. Аталган өлкөнүн улуттук маданияты, бийлери менен таанышып жатышат.

Окуучулар Бишкектен 14-январда кечинде учуп кетишкен. Алар менен бирге 9 аймактан 9 жеңүүчүнү аныктаган ММКлардын өкүлдөрү, ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов да барышты.
Делегация Малайзияда 21-январга чейин болушат. Анда Малайзиянын алдынкы мектептеринин бирине баруу, ММКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.

Эскерте кетсек, 2015-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилиги кыргыз жериндеги окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баяндар сынагын жарыялаган. Жеңүүчүлөр жаңы жыл алдында 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу), Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан.

Күлкү жаратуучу Санжар Мыкыев.

Элчинин атынан уюштурулган кечки тамактанууга бара жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
imanberdi98
2016-01-15 19:22:51
ОО жыргап журушот экен да
+2
kozunek.
2016-01-15 19:27:12
Жакшы эс алып келишсин аман эсен
+2
aidai88
2016-01-15 19:57:57
Сонун кылып журушот экенда))) мендабаргым келип кеттиииии
0
isnur93
2016-01-15 20:08:01
Ооой бассейнде жыргап чомулушуп жататко,козду куйгузуп,кышта озу ушуп атсам.
Азаматсынар жакшы эс алып келгиле,булда болсо силердин меенетинердин момосу.
+3
Shanson
2016-01-15 20:31:41
Биз окуучулук кезде неге мындай жарыштар жок эле десең? Дилбаяндын көркүн чыгарып жазып, атам көрбөгөн жерди көрүп, кыштын ызгаар күнүндө банан, ананастардан даам татып, пальманын көлөкөсүндө деңиз шарынын добушун тыңдап жатпас белем?..
+5
aikol87
2016-01-15 21:47:09
Иий мынча Сонун.суроттон кобураак жуктогулочу сураныч.
-1
AIZAD
2016-01-15 22:20:40
Санжар Мыкыев, ашыкча опколугун жарашпайт, бой которбой кичине ылдый тушчу!
+2
Lilia11
2016-01-15 23:18:10
Ушинтип аз аздан барып отуруп шоу бизнес окулдоруунун баары Малайзияны коруп бутмой болду. А бизге окшогондор качан барат.
+5
Baymat
2016-01-16 00:44:10
Кантседа жакшы эс алып келишсин ини карындаш ырчы куудулдар
0
Sonyvaio
2016-01-16 01:37:13
Ушул элчиден башкарлары да улгу алса болбойт бекен. Башка олколордогу элчилер оз бизнестери менен убара. Эмне алып барып сатып, эмне алып келип сатсам экен деп. Рахмат Сизге Кылычбек Султанов! Ишинизге ийгилик! Сиздин жардамынынз менен коптогон кыргызстандыктаргы мумкунчулук жаралып жатат.
+7
Ibragim.osh2016
2016-01-16 02:35:38
ошол канча аракет кылып жазган дил баяндарынын ырахатын сезип атышат экен да кудайга шугур деп эл коруп жер коруп
+1
jan0097
2016-01-16 04:40:26
мына шаардык еле кыз екен ...чачын неге кыскартып алды.....
-1
isnur93
2016-01-16 21:19:41
jan0097,шаардык кыз болсо не болуптур?каяктан болсода,ким болсода,аракет кылып ушул ийгиликке жетип турат!
Чачын кыскартпайм деген беле?азыр алар жаш кыздар,чачын кандай кылса да жараша берет,анткени бул ушундай бир келген кайталангыс жаш курак,эртен чонойуп келин болгондо ушинтип кырксын чачын, сен эмес менда айтам.
+1
kykenbai
2016-01-16 21:51:00
Ushul Malaysiadagy elchibiz Kylychbek baike super infonun da negizdoochusu azamat kishi eken. Aiabai araketchil. Otkondo malaysiadan jurnalistterdi da alyp keldi ele. Ishinizge iygilik.
0
admin_portal
2016-01-18 17:02:05
Ajar., alooke, Мэри, Shanson - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат. Дагы кайталанса узак убакытка сайттан четтетилесиңер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан