Кыргыз өлкөсү Казакстанга газ үчүн 41,6 миллион доллар карызын төлөгөнүн казакстандык маалымат каражаттары жазышууда. Казакстандык ММКларды Кыргыз Республикасы карызды төлөө үчүн акчаны кайдан алганы кызыктырып жатат. Бул карыз 2004-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта чогулган.
Казакстандын бул тармакта иштеген адистеринин бири ММКларга: "Кыргыз газ" ишканасы бул карызды моюнуна алганы менен, аны төлөөгө шашылган эмес. Жыл сайын бул маселени чечүү белгисиз мөөнөткө жылдырыла берген. Бул маселе орусиялык "Газпром" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасына келгенден кийин гана козголду. Ал тараптан карызды жабуу тууралуу акчалай кайтаруу вариантынан бөлөк көптөгөн сунуштар болгон. "КазТрансГаз" жетекчилигинин аракети менен гана карызды кайтаруу мүмкүн болду",- деп билдирген.
"Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун расмий сайтында "Кыргыз газ" ишканасынан калган карызды толугу менен жапкандыгы тууралуу жазып, бул кабарды тастыктады.