"Депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенамановага мандатты кайтарып берүү боюнча сот туура чечим чыгарды",- деп билдирди SUPER.KG порталына бүгүн, 15-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева. БШК өкүлү аталган депутаттарды мандаттан ажыратууга башынан каршы чыкканын айтат.
"Эки депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаевдин каты БШКга 5-январда келип түшүптүр. Аны бизге айтышкан эмес. 6-январь иш күнү болчу, комиссиянын жыйыны болот дешти. Күн тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттарына тийиштүү маселе турган. Жыйынга киргенден кийин эле депутаттар Урмат Ишенбеков, Эсенаманова жана Жумалиеваны мандаттан ажыратуу маселеси карала турганы белгилүү болду. Ишенбековдукун артка жылдырып, каршылыктарга карабай берки экөө боюнча чечим кабыл алынып калды. Бүгүн сот чечим чыгарды, эми мандаттары кайра берилет",- деди Журабаева.
БШК мүчөсү мандаттан баш тартуу боюнча Эсенаманова менен Жумалиеванын арызынын түп нускасын (оригинал) көрбөгөнүн айтты. "Арызы бар дешти, мага көрсөтүшкөн жок. Мен эле эмес, комиссиянын айрым башка мүчөлөрү деле көрүшпөптүр",- деди өкүл.
Эскерте кетсек, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды.